Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте чет элдик жаран алдамчыга туш болуп, 1 миллион сомунан айрылып калган

Ал кыргыз сомун юаньга алмаштырайын деген

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.
Борбор калаанын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, 26-декабрда милицияга чет элдик жаран кайрылып, ал 3-ноябрда чала тааныш адам юаньга лмаштырып берем деп 1 миллион 10 миң сомун алып кетип, ошол бойдон из жашырып кеткенин билдирген.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү делип 30 жаштагы Т.Ж кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх