Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маммүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары кармалды

Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик органдардын жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин балансында турган мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган.

Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директорунун орун басары Р.К.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Коопсуздук кызматы учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сайтындагы маалыматтарга караганда, кармалган жарандын Р. К. Б. инициалы жетекчинин орун басары Рыскулов Канат Бактыбековичке туура келет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх