Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада Кыргызстандын жараны алты жашар кызга кол салып, өлтүрөм деп коркуткан

Ал баланы дүкөндөрдүн биринен кармап алган

Москвадагы эт саткан дүкөндө кыргызстандык жаран алты жашар кызга кол салганын Shot  телеграм каналы жазды.
Маалым болгондой, ата-энеси кызы менен Новочеркасский бульварына эт сатып алуу үчүн келишкен. Бейтааныш адам кассалардын жанынан өтүп баратып, капысынан баланы кармап алып, өлтүрөм деп коркуткан. Кыздын атасы кол салган адамды жерге жыгып түшүргөн. Кийин аны полиция кызматкерлери кармап кеткен.

Кол салган адам 2 апта мурун Москвага келген Кыргызстандын 43 жаштагы жараны Жеңиш Токтосунов болуп чыккан. Анын акыл-эси жайында эмес экени аныкталып, ага тез жардам кызматын чакырылып, андан соң ооруканага жаткырышкан.
Учурда текшерүү жүрүп жатат. Ооруканадан кыздын башынын аркасы урулганы аныкталган. Абалы жакшы.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх