Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык аял Индиянын мейманканасында асылган абалда табылды

Маркумдун сөөгү Кыргызстанга жеткирилди

Индияда мейманканада асынып алган кыргызстандык аял табылганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-январда Кыргызстандын Индиядагы элчилигине Ришикеш шаарындагы мейманканалардын биринде Кыргызстандан барган турист асынып алган абалда табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Элчилик Индиянын укук коргоо органдарына бул факты боюнча кеңири маалымат берүүнү суранып, кат жөнөткөн.
«Ришикеш шаардык милициясынын маалыматы боюнча, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ошол эле учурда министрлик маркумдун жакындары сөөктү мекенине алып келүү өтүнүчү менен кайрылганын белгилейт. Бардык керектүү жол-жоболор жүргүзүлгөндөн кийин, министрликтин жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен 2023-жылдын 8-январында «Жүк-200» Кыргызстанга алынып келинип, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Индияда Кыргыз Республикасынын жаранына байланышкан окуя министрликтин жана элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө», - деп айтылат маалыматта.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх