Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги балдар ооруканасында 2 жаштагы наристе чарчап калды

Баланын ата-энеси дарыгерлерди жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда

Бишкектеги 3-балдар ооруканасында эки жашар бала чарчап калды. Окуя тууралуу маалымат социалдык тармактарда пайда болду.
Баланын апасы уулунун дене табы көтөрүлгөнүнөн, ооруканага кайрылышканын айтып берген. Анын айтымында уулунун абалы дурус болгон, бирок дарыгерлер эки сааттан кийин ага анын чарчап калганын билдиришкен.

Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов өз кезегинде баланы 13-январда саат 14.30да келип түшкөнүн маалымдады.. Анын айтымында, бала эки күндөн бери ооруп жаткан, ага чейин эч жакка көрүнүшкөн эмес. Жеринде көрүлгөн чаралардан кийин абалы жакшырып, андан кийин тез жардам чакырылган. Бирок бир нече мүнөттүн ичинде анын абалы кескин начарлап, жандандыруу тобунун бардык аракеттерине карабастан, бала бир сааттан кийин чарчап калган.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү баланын өлүмү тууралуу маалыматты тастыктады.
Маалым болгондой, баланын атасы милицияга кайрылган. Ал оорукананын медицина кызматкерлерине чара көрүүнү суранган. Анын айтымында дарыгерлер 2021-жылы туулган баласына карата өздөрүнүн кесиптик милдеттерин туура эмес аткарып, бул жагдай баласынын өлүмүнө алып келген.

Бул факты маалымат журналына катталып, керектүү экспертизалар дайындалганын ОИИБ кошумчалашты. Баланын өлүмү боюнча тергөөгө чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх