Милиция Бишкектеги балдар ооруканасында каза болгон 3 жашар баланын өлүмүнүн себебин иликтөөдө
Учурда тергөөгө чейинки териштирүү уланууда
Бишкекте милиция ооруканада каза болгон 3 жашар баланын өлүмүнүн себебин иликтөөдө. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-январда М.А. аттуу жаран ооруканада кесиптик милдетин туура эмес аткаруудан улам 2021-жылы туулган К.А.нын өлүмүнө алып келген медицина кызматкерлерине чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.
Аталган факты Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан каттоого алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.
Азыркы учурда тергөөгө чейинки териштирүү уланууда.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз