Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: "Таза Конок" муниципалдык ишканасынын жетекчиси кармалды

Ал башка бирөөнүн кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз каттатып алып, кийин үчүнчү жактарга сатып жиберген

"Таза Конок" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Э. кармалды. . Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кармалган жаран башка бирөөнүн кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз каттатып алып, кийин үчүнчү жактарга сатып жиберген.

КР УКМК тарабынан Чүй облусунун мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, "Таза Конок" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Э., ошондой эле Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Э.Т. тарабынан документтерди жасалмалоо жолу менен алдамчылык фактысы аныкталды.

Такталгандай, муниципалдык ишкананын жетекчиси жасалма документтерди жасап, башка адамдар сүйлөшүп алып, анын атына башка бирөөнүн кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз каттатып алганы, кийин үчүнчү жактарга сатылганы аныкталды.
2024-жылдын 17-январында КР УКМК тарабынан Т.Э. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтерди жасалмалоо), 209-беренеси (алдамчылык) жана 212-беренеси (башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Т.Э. КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх