Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектик тургунду далысына бычак сайып, тоноп кеткен кылмышкерлерди кармалды

Учурда алардын башка ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, 2024-жылы 4-январь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге М. А. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Ал 2023-жылдын 31-декабрь күнү саат 1:50 чамасында Кулуев жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар 4 миң АКШ долларын күч колдонуп далысына бычак менен сайып ачык ээлеп алып, качып кеткендерин айтып берген.

Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышкердин изине түшүп, алар борбор калаанын аймагында кармалган. Ал 1999-жылы туулган Ж.Э. жана 2001-жылы туулган К.Б. аттуу жарандар болуп чыкты. Тергөө кызматына жеткирилишти жана Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Азыркы учурда алардын башка ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх