Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кызды сабады деп айыпталууда - видео

Шектелүүчү спецназдын жоокерлери тарабынан кармалды

Бишкек шаарында кызды сабаган деп уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү шектелип кармалды.


Борбор калаанын милициясынан кабарлагандай, 21-ноябрда Бишкек шаарынын тургуну аларга кайрылып, 5-кичирайондогу үйүнүн короосунда тааныш адамы тарабынан сабалганын билдирип, ички иштер башкармалыгына арызын калтырган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде, жабырлануучунун алган жаракаттары «ден соолукка жеңил залал келтирүү, натыйжада ден соолугунун кыска мөөнөттүү бузулуусуна алып келген» деп бааланган.

Ыкчам иликтөө кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Т.Т. жаранын табып, шектелүүчү спецназдын жоокерлеринин жардамы менен Бишкек шаарында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турганы белгилүү болду.

https://t.me/Vesti_Kyrgyzstan/11544


Милиция кармалган жарандын аракетинен жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматы ээ болгон адамдар 0559-00-99-99, 0500-15-11-11, 0507-12-54-45 же 102 телефон номурларына чалуусун суранат.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх