Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Сузакта 2015-жылы жасалган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

Маркумдун жарандары УКМКнын башчысына жардам сурап кайрылышкан

Сузак районунда 2015-жылы жасалган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 3-сентябрында Сузак районунун Кыр-Жол айылынын тургуну 1971-жылы туулган М.К.А.нын зомбулуктун белгилери менен жансыз денеси табылган. Бул фактынын негизинде Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмү (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

«Бул кылмыштын бетин ачууда ички иштер башкармалыгы тарабынан сегиз жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларында конкреттүү жыйынтык болгон эмес. Бул ишке байланышту, өлтүрүлгөн М.К.А.нын жакын туугандары КР УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиевге бул бул кылмышты жасаган адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп берүү боюнча өтүнүч арызы менен кайрылган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүүдө, бул киши өлтүрүүнү жасаган адам аныкталып, ал маркумдун айылдашы, 1989-жылы туулган К.А.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны аныкталып, мас абалында жана жеке кастыктын негизинде М.К.А.ны өлтүргөндүгүн мойнуна алган»,-деп жазылат маалыматта. Кармалган К.А.А. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө камак жайына киргизилип, учурда бул кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх