Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Соцтармактагы түз эфирде өз баласына «сыра ичирем» деген келин кармалды

Ал кылган ишин “хайп кармоо жана күйөөсүн коркутуу үчүн жасаган элем” деп түшүндүргөн

Tik Tok социалдык түйүнүнүн түз эфиринде өз баласына “сыра ичирем” деп коркуткан Сүлүктү шаарынын 1995-жылы туулган тургуну Ж.Г. кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал өзүнүн түз эфир аркылуу кызына карата жасаган бул кылган ишин «хайп кармоо жана күйөөсүн коркутуу үчүн жасаган элем» деп түшүндүргөн.

- Ал милиция органдары мынчалык тез реакция жасап, кармалып каларын күтпөгөндүгүн билдирип, элден кечирим сурады. Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмү кармалган кыздын кыймыл-аракетине юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп берди-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин кыргызстандык аял түз эфирге чыгып, катталуучулар анын жеке эсебине акча салбаса, колундагы наристесине сыра ичире турганын айткан видео тараган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх