Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте бир тууган үч өспүрүм изделүүдө

Алар кечээ үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз

Бишкекте үч бир тууган - Раяна, Мусабек жана Исабек Маруковдор изделүүдө. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-февралда милицияга Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 2009-жылы туулган кызы Раяна Марукова жана 2012-жылы төрөлгөн уулдары Мусабек жана Исабек Маруковдор ошол күнү Бакаев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, табууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. Раяна Марукованын белгилери: бою 165 см, арык чырай, чачы күрөң; Кийими: кара куртка, кара топу. Мусабек Маруковдун белгилери: бою 130 см, арык чырай, чачы кара. Кийими: көк куртка (кызыл өңдөрү бар), боз топу.
Исабек Маруковдун белгилери: бою 130 см, көк куртка (жашыл өңдөрү бар), көк топу.

"Дайынсыз болуп жаткан балдарды көргөндөр болсо, 0(312) 35-29-47, 0(777) 86-97-97, 0(700) 86-09-09, 0(773) 90-94-65 же 102 номерлеринин бирине кабар берүүңүздөрдү суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх