Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дайынсыз болуп жаткан 28 жаштагы Маматала уулу Мукамбеталаны издөө иштери уланууда

Ал эс-тутумун жоготуудан жапа чегет

Чүй облусунда дайынсыз болуп жаткан Маматала уулу Мукамбеталаны издөө иштери уланууда. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 28 жаштагы Маматали уулу Мукамбетали 14-январдан бери дайынсыз. Ал акыркы жолу Аламүдүн капчыгайындагы “12 Камин” эс алуу аймагынан байланышка чыккан. Ал эс тутумун жоготуудан жабыркайт.

Белгилери: бою 180-185 см, чачы кара, көзү кара күрөң.

Кийген кийими: башына «Nike» деген жазуусу бар кепка, кара күрмө, спорттук бут кийим жана кара шым.


Милиция бул жарандын жүргөн жери тууралуу маалыматы барларды  0312 363523, 0500190151, 0501230290 телефондоруна, ошондой эле «102» кыска номуруна чалууну өтүнөт.

Белгилей кетсек, жүздөгөн адамдар Маматали уулу Мукамбеталаны Аламүдүн капчыгайынан 10 күндөн ашык убакыт издешкен. Бирок издөө иштери эч кандай жыйынтык берген эмес.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх