Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте опузачылар өздөрүн милиция кызматкери катары көрсөтүп, сойкулардан акча талап кылышкан - видео

Опузачылар жасалма жумушчу күбөлүк колдонушкан

Бишкекте опузалап акча талап кылган шектүүлөр кармалганын борбор калаанын ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун башчысы белгилүү Ы. аттуу болгон. Алар сойкулардан системалуу түрдө акча талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алар азыр Кыргызстанда өтүп жаткан « Притон-Бабочка» рейдине шылтоолоп, жасалма укук коргоо кызматкеринин күбөлүгүн колдонуп, сойкуларды коркутуп, алардан акча талап кылышкан.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Атайын бөлүктүн жоокерлеринин күч колдоосу менен 29 жаштагы И.Ы., 22 жаштагы А.Э., 21 жаштагы И.А. жана 29 жаштагы Э.А. ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Фото: Борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх