Бишкекте дээрлик 50 миллион сомдук жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке колго өтүп кеткен
"Бишкекглавархитектуранын " кызмат адамдарына кылмыш иши козголду
Бишкек шаардык Главархитектуранын муниципалдык башкармалыгынын кызмат адамдарына кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана жасалма документ жасоо фактылары боюнча кылмыш иши козголду.
Башкы прокуратура билдиргендей, текшерүү учурунда Главархитектуранын кызматкерлери расмий документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүү менен көп кабаттуу үйдүн жанындагы жер участогуна мыйзамсыз долбоор даярдашканы аныкталган. Натыйжада базар баасы 49 млн 980 миң 536 сом болгон 1247,86 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөн.
Муниципалитетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346 (кызматтык жасалмачылык) беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Тергөө УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгына тапшырылды.
Сүрөт: www