Дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Адинайды милиция кызматкерлери табышты
Окуучу кыз ата-энесине өткөрүлүп берилди
Дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Адинай табылганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин кыздын ата-энеси милицияга кайрылган. Алар Адинай 2-апрель күнү саат 10:00дө Малтобар айылындагы орто мектептен чыгып кетип, дайынсыз жоголгонун билдиришкен.
Аталган факт Жайыл РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жоголгон окуучу кыз Бишкектин Калыс-Ордо конушунан табылган. Аны Жайыл районуна алып барып, ата-энесине өткөрүп беришкен.
Сүрөттү Борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы таратты
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз