Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин жанындагы дүкөндөн 2 миллион сому бар сейф уурдалган - видео

Кылмышка шектүүлөр Ошто кармалды, алардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү

Сокулук районунун Фрунзе айылындагы дүкөндөн 2 миллион сом салынган сейф уурдалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Дүкөн ээси милицияга кайрылган. Анда ал 27-апрель күнү саат 04:00дөр чамасында белгисиз адамдар дүкөнгө кирип, сейфти уурдап кетишкенин айткан. Кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр 45 жаштагы Э.Ж. жана 38 жаштагы Б.А., алар айдап бара жаткан унаа менен кармалган.

Кылмышка шектүүлөр Ош шаарынан кармалышкан. Алардын бири Б.А. өткөн жылдын июль айында Токмок шаарындагы ишканадан 60 миң доллар жана 1,5 миллион сом уурдаган деген шек менен издөөдө жүргөн. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин каттоосунда турат.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагындагы ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда. Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт: БИИБ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх