Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын тургунунан көчөдөн акчасын жана iPhone телефонун тартып алышкан, үч жигит кармалды

Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкекте тоноочулукка шектелгендер кармалды, деп билдирди борбордун Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, 4-майда милицияга шаар тургуну кайрылып, 29-апрель күнү Абаданов-Сыдыгалы көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар физикалык күч колдонуп, 50 миң сомдук iPhone 11 үлгүсүндөгү телефонун жана 12 миң накталай акчасын алып, качып кетишкенин билдирген.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар 1998-жылы туулган Д.Д., 1999-жылы туулган Ф.А., 1995-жылы туулган Ч.Д. болуп чыкты.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх