­
Бажы кызматкерлери балдардын оюнчуктары салынган пакеттен 3,6 кг марихуана табышкан - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бажы кызматкерлери балдардын оюнчуктары салынган пакеттен 3,6 кг марихуана табышкан

Коробканы кызматтык ит таап алган

«Түндүк» темир жол бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте, бажылык көзөмөл жүргүзүү учурунда иттин жардамы менен “А.И.” дарегине келген почта жөнөтүүсү (куту) аныкталып, кармалган. Бул кутудан өзгөчө жыты бар 8 кара баштык табылган, экспертизанын корутундусуна ылайык “марихуана” деп табылган. Жалпы салмагы 3,608 кг түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, бажы кызматы башка укук коргоо органдары менен чогуу темир жол транспортунда, почта каналдарында жана экспресс-курьердик кызматтар менен баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун, ошондой эле жаңы психоактивдүү заттарды мыйзамсыз алып өтүүгө байланышкан кылмыштарга бөгөт коюу максатында үзгүлтүксүз негизде профилактикалык иштерди жүргүзөт.

Сүрөт Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх