Нарында дарыяга агып кеткен 4 жашар кыз изделүүдө
Издөө иштерине 80ден ашык адам тартылган
Нарын шаарында дарыяга агып кеткен 4 жашар кыз изделүүдө, деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Алдын ала маалымат боюнча, анын апасы эс алуу учурунда 4 жаштагы кызын Нарын дарыясынын жээгинен жоготуп алган.
Издөө иштерине эки дрон менен 30 куткаруучу, Ички иштер министрлигинин 25 кызматкери жана 30 жергиликтүү тургун тартылган.
Сүрөт ӨКМ басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз