Кыргызстандыктардын мобилдик капчыктарынан вирустук тиркеме аркылуу акча уурдалып турган
Атайын кызмат төрт шектүүнү кармады
Трансулуттук киберкриминалдык топтун уюштуруучулары алдамчылык боюнча айыпталып кармалганын УКМК билдирди.
Башкармалыктын маалыматына караганда, кылмыштуу топ социалдык тармактарда мобилдик тиркемелер аркылуу зыяндуу вирустук программаларды таратып, аларды иштеткенден кийин кыргызстандыктар электрондук капчыктарынан акчасын жоготуп алышкан.
Шектүү катары эки КР жарандары жана чет элдик алардын эки шериги кармалды. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алар тергөө аяктаганга чейин камакка алынды.
КР УКМК жарандарды шектүү шилтемелерди ачпоого, банк операцияларын жүргүзүүдө сак жана этият болууга чакырат.
«Эгерде сиз банк операцияларында алдамчылыктын курмандыгы болуп калган болсоңуз, анда КР УКМКнын 0 (312) 66-04-75 телефону же (gknb.gov.kg) электрондук почтасы аркылуу кайрылыңыз деп билдирүүдө айтылат.
Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы