Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жоголгон 3 жашар кызды табышты

Бала апасына өткөрүлүп берилди

Жети-Өгүз РИИБнин жол кайгуул кызматкерлери Кызыл-Суу айылында патрулдук иш алып баруу учурунда көчөдө жалгыз бараткан 3 жашар кызды көрүшкөн.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, патрулдук милиция кызматкерлери баланы камкордукка алып, ата-энесин издөөгө чыгышкан.

«Кичинекей кыз менен болгон оңой эмес сүйлөшүүдө ал адашып, ата-энесин таба албай жүргөнү белгилүү болду. Кызматкерлердин ыкчам аракетинин натыйжасында 2000-жылы туулган Кызыл-Суу айылынын тургуну болуп чыккан кыздын апасын табышкан. Кыз апасына өткөрүлүп берилип, милиция кызматкерлери ата-энеси менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Дайынсыз жоголгон кыздын апасы милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, алардын оор кызматында ийгиликтерди каалады.

Бардык ата-энелерди балдарына сергек жана камкор болууга чакырабыз. Балдардын ден соолугу жана бакубат жашоосу биздин башкы баалуулугубуз экенин унутпаңыз!” - деп Ички иштер башкармалыгында айтылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх