Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК кыздарды күч менен кармап келген сойкукана уюштуруучуну кармады

Ал тергөөдөн жашырынып жүргөн

УКМК “vibish.com” сайты аркылуу сексуалдык жайдын уюштуруучусун кармады.

Мекемеден билдиришкендей, 16-майда КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-ст. боюнча кылмыш жасаган деген шек менен М.К.Ш кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камалды.

«Тактап айтканда, М.К.Ш., сойкукана уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизги айыпталуучулардын бири болуп, тергөөдөн жашырынып, ошол эле учурда сотто көрсөтмөлөрдү бурмалоо менен кылмышка шеригин актоо максатында башка күбөлөрдү жашырган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал адамдарды өздөрүнүн эркине каршы кармап, күч колдонуп, ур-токмокко алып, денесине залал келтирем деп коркуткандыгы тууралуу маалымат түшкөн», - деп айтылат маалыматта.

 

 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети сойкуканаларды уюштуруу же кармоо, сойкулук кылуу же бузукулук же сутенерлик үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертет.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх