Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанга АКШдан фирмалык буюмдар мыйзамсыз алынып келинген

Бажы кызматкерлери декларацияланбаган 574 кг товарды аныкташты

«Северная» темир жол бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери АКШдан келген декларацияланбаган товарларды аныкташкты.

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, ЖЧК “С.Л.” алуучунун дарегине АКШдан жалпы салмагы 2 миң 239 кг болгон товарлар келген.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы салмагы 574 кг болгон бренддик кийимдер аныкталган. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 224 миң 245 сомду түздү», - деп айтылат маалыматта.

 

Факты АИС ЖУИ ЕРПге катталып, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Сүрөт Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх