Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда “Халифа” жана “Йакын Инкардын” 15 мүчөсү кармалды (видео)

Алардын үйлөрү тинтүүгө алынды

Чүй облусунда тыюу салынган “Йакын инкар” диний агымынын мүчөлөрү жана тарапкерлери кармалганын УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 31-майда «Йакын Инкардын» активдүү мүчөлөрүнүн жана тарапкерлеринин жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында алдын ала маалыматтар боюнча экстремисттик идеологияны пропагандалоону көп сандагы басылмалар, электрондук маалымат каражаттары (компьютер, флешкалар ж.б.) табылган.

Тыюу салынган кыймылдын 16 мүчөсү кармалып, өзүн мусулмандардын “халифасы” катары көрсөткөн алардын бирөөнө М.Б.М., КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгү (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча кылмыш иши козголуп, СИЗО-1ге киргизилди.

Калган жарандарга тиешелүү чаралар көрүлүүдө, деп кошумчалады комитет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх