Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Кулжада сел 5 адамы бар унааны алып кеткен. Үчөөнүн сөөгү табылды

Жергиликтүү тургундар бир баланы куткарып, экинчисин издеп жатышат

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрүп, ичиндеги 5 адам менен унааны агызып кетти. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.

Ведомстводон билдиришкендей, сел саат 22:00дөр чамасында Жетим-Дөбө айылынын аймагында түшкөн. Сел Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унааны агызып кеткен, анын ичинде 5 адамдан турган үй-бүлө болгон.

Үй-бүлөнүн атасы айдап бара жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал сыртка чыгып жети жаштагы кызын сактап калууга жетишкен, андан кийин ал киши башкаларга жардам берүү үчүн унаага кайтып келген, бирок акыры ал да каза болгон.

Жергиликтүү тургундар менен ӨКМдин кызматкерлери үч адамдын: үй-бүлө башчысынын, жубайынын жана бир баланын сөөгүн табышкан. Дагы бир баланы издеп жатышат.

Бүгүнкү күндө ӨКМден 50 куткаруучу, 40 милиция кызматкери жана 300 жергиликтүү тургун баланы издөө иштерин улантууда.

Фото: ӨКМ

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх