Жалал-Абадда эркек киши 4 жашар кызды көчөдөн зордуктап салган
Окуя 24-июнда Спутник кичи районунда болгон
Жалал-Абадда 4 жашар кызды зордуктаган деген шек менен 35 жаштагы жаран кармалды. Редакциялык маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Ведомстводон билдиришкендей, окуя 24-июнда Спутник кичи районунда болгон. Саат 18:30дар чамасында милицияга көп кабаттуу үйдүн короосунда белгисиз адам жаш кызды зордуктаганы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, буюм далилдери алынган.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси («Зордуктоо») менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды.
Кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Б.Х. кармалды, соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.
Сүрөт: www