Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК шаардык кеңештин депутатын бийликти күч менен басып алууга чакырык жасагандыгы үчүн кармады

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Кербен шаардык кеңешинин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты массалык баш аламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасагандыгы үчүн кармалганын УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Н.Ж.К. КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү («Массалык баш аламандык») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

«Ал маал-маалы менен Фейсбукта тенденциялуу жана чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен кулатууга/ басып алууга чакырыктарды жарыялап турган», - деп айтылат билдирүүдө.

Н.Ж.К. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайын кызматтын маалыматы боюнча 31-августта массалык баш аламандык жана бийликти күч менен басып алууга даярданган деп шектелгендерди да кармаган. Алардан көп сандаган курал-жарак, ок-дарылар, ок өтпөс жилеттер, көздөн жаш агызуучу газдар алынган.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх