Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эл аралык террордук уюмдун жактоочусу кармалды

УКМК тарабынан зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан эл аралык террордук уюмдун идеологиясын активдүү жайылткан, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү материалдарды тараткан А.П.И. аттуу КР жараны кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Таркатылып жаткан фото-видео материалдарда «Эл алдында террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакыруу», “Халифатты орнотуу аркылуу конституциялык түзүлүштү кулатуу» белгилери камтылгандыгы белгиленди.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында А.П.И. кылмыш- процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

УКМК тарабынан зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх