Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө эс алуучуну катер коюп кетип каза тапты

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодекси боюнча иш козголду

Ысык-Көлдө адамды катер коюп кетип көз жумду. Бул тууралуу облустук ишки иштер башкармалыгы билдирди.

15-июлда Ысык-Көл райондук ооруканасына бир адам эс учун жоготкон абалда түшкөнү кабарланган. Жерине милиция кызматкерлери барып, окуянын чоо-жайын териштирген. Белгилүү болгондой, скутердин кожоюну 32 жаштагы М.Б. аттуу Ысык-Көл районунун тургуну болгон. Ал эми кырсык учурунда аны 18 жаштагы А.А. башкарып бараткан.

"Кара-Ой айылында саат 18:25терде болгон кырсыктан Казакстандын 42 жаштагы К.Б. аттуу жараны жабыркаган. Тилеке каршы, ал 16-июль күнү жандандыруу бөлүмүндө көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 127 (Шалаакылыктан өлүмгө алып келген) жана 311-беренеси (Коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча иш козголду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх