Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Санариптик өнүктүрүү министрлигинде ири суммадагы мыйзам бузуу аныкталды

90,4 миллион сомдун орду толтурулуп, дагы 122 миллион 418 миң сому калыбына келтирилиши керек

Санариптик өнүктүрүү министрлигинде 979 миллион 244 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталганын Эсептөө палатасы билдирди.

Ведомство 2022-жылга карата министрликтин бюджетинин аткарылышы боюнча аудит жүргүзгөн.
Айтылган сумманын ичинен 90,4 миллион сомдун орду толтурулуп, дагы 122 миллион 418 миң сому калыбына келтирилиши керек. Калган сумма аудиттин жыйынтыгы менен дагы такталат.

Мыйзам бузуулар төмөнкүдөй болгон:

  • Кыргызстандын бюджеттик тутумунун тиешелүү бюджет долбоорлорун түзүүдө жана кароодо 6,7 миллион сомго мыйзам бузуу болгон;
  • республиканын бюджеттик тутумунун жана чоң мамлекеттик үлүш менен катышкан чарба жүргүзүүчү субъектилердин бюджеттерин аткарууда — 234,2 миллион сом;
  • мүлктү колдонуудагы бузуулар — 9,5 миллион сом;
  • эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулар — 449,4 миллион сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө — 279,2 миллион сом.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх