Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда коррупция аныкталды

Маалыматка ылайык, аталган борбордун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы кармалган

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы бейтаптардан ситемалуу түрдө акча алып жүргөнү айтылды.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы кармалган.

Улуттук борбордун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы К.Б. бейтаптардын ата-энелеринен системалуу түрдө 2 миң сомдон 30 миң сомго чейин акча чогултуп жүргөн. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланып жатканы кошумчаланды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх