Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, 160 адам жакынкы айылдарга эвакуацияланды

Учурда куткаруучулар жеринде тактоо, көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп, суунун нугун буруу иштери аткарууда

Тоңдогу Зындан көлү жырылып, суу каптоо коркунучу жаралгандыктан жергиликтүү тургундар эвакуцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу айылындагы Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн.

Буга байланыштуу Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана Балык завод тилкесинен 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлдү.

Учурда куткаруучулар жеринде тактоо, көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп, жергиликтүү бийликтин техникалары менен суунун нугун буруу иштери жасалууда.

Б.Мамбетов жана Күн-Чыгыш айыл аймактарынан 2 экскаватор, 3 жүктөгүч тартылып, Туура-Суу айылын суу каптоо коркунучунан алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх