УКМК Таласта 402,6 млн сомдук жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарды
Учурда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу иштери уланууда
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Таласта 402,6 млн сомдук жер тилкелерин мамлекетке кайтарды.
Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү мамлекетке кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө "Талас айыл көмөк" мамлекеттик акционердик коомунун жетекчилиги мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен тил табышып, КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен Талас шаарынын базарынын аймагындагы 1,9 га аянттагы жер участокторун жеке менчикке бергендиги аныкталды.
Мындан улам Талас облусунун прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында жалпы баасы 402,6 млн сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.
Учурда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу иштери уланууда.