Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКТнын активдүү мүчөсү Кыргызстандан чыгып бараткан жеринен кармалды

Ал Жалал-Абад шаарындагы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат

Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Кыргызстандын чегинен тышкары чыгууга аракет кылып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрда Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан учурда УКМКнын "Ак-Жол унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайында Дженго каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда киши өлтүрүү менен соттолгон, 1992-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну А.У.Ж кармалды.

Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүнүн алкагында, Жалал-Абад облусунда 2023-жылдын октябрь айында криминалдык кошуундарды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча масштабдуу иш-чаралардын алкагында тинтүү-иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Бул иш-аракеттердин натыйжасында, А.У.Ж.нын жашаган жеринен жашыруун алып жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу курал, ошондой эле ок-дарылар табылып алынган. Ошол кезде А.У.Ж. укук коргоо органдарынан качып кетүүгө үлгүргөн.

Азыркы учурда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарындагы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ошол эле учурда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы А.У.Ж. жана уюшкан кылмыштуу топтордун башка мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштын мүмкүн болгон фактылары тууралуу: 0995 01-22-10 телефону аркылуу билдирүүнү өтүнөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх