Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча милиционерлер кармалды

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча Бишкек шаардык Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан Э.Б. аттуу КР жаранын мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 18-сентябрда Биринчи Май РИИБдин 5-шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Ж.у.К. жана А.Ы.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгында КР жараны Э.Б.га карата кыйноо колдонулган, бул дене жаракатынын издери менен далилденген.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх