Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Трансулуттук кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду – УКМК 24/09/24 18:45 УКУК ТАРТИБИ0

УКМК жарандардын конституциялык укуктарын бузгандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө эскертет

Чет өлкөлүк жарандардан жана Кыргызстандын жарандарынан турган туруктуу трансулуттук кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси "Адам сатуу" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жашы жете элек балдарды мыйзамсыз асыроого жана андан ары сатуу максатында аларды Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга адистешкен Кыргызстандын жана чет өлкөнүн жарандарынан турган туруктуу трансулуттук кылмыш уюмунун ишмердигине бөгөт коюлду.

Аталган кылмыштуу уюм 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ар кандай айла-амалдардын, паракорчулуктун жана КР мыйзамдарын бузуу жолу аркылуу социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө, КРнын жарандарынын балдарына толук камкордук көрүү укугун алганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн атайын тергөө-ыкчам иш-аракеттердин жана тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында тиешеси бар адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Азыркы учурда УКМК тарабынан кылмыштуу уюмдун башка мүчөлөрүн жана анын мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыр тарткан, ошондой эле аларга кылмыш ишинде көмөк көрсөткөн адамдарды аныктоо боюнча тергөө-оперативдүү иш-чаралар улантылууда.

УКМК жарандардын конституциялык укуктарын бузгандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх