Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: "Кызыл-Белес" тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды

Учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоону улантууда

Аламүдүн районундагы “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында буга чейин Аламүдүн районунун мамлекеттик мүлктү башкаруу жана жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 10 га болгон тоо лыжа базасы жана жайыт жерлери жеке менчикке өткөрүлүп берилип, кийин үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен 50 млн сомдон ашык бааланган жер тилкесин жана курулуштары бар объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

Учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх