Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто турак үйдөн чыккан ири өрт өчүрүлдү

Жабыркагандар жок

Ошто турак үйдөн чыккан ири өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттүн жалыны коңшу 3 үйдүн чатырына өткөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринин натыйжасында аталган турак жайлар сакталып калды.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 32 адам тартылды.

Өрттүн аянты болжол менен 496 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.

Эскерте кетсек, түндө Ош шаарынын Курбанов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх