Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда автоээнбаштык кылган айдоочуга 35 миң сом айып салынды

Ошондой эле, унаасында жасалма номер салып жүргөндүгү үчүн 20 миң сом айып салынды

Жалал-Абад облусунда автоээнбаштык жасаган айдоочуга 35 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарда BMW үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу атайын автоээнбаштык жасап жаткандыгы көрсөтүлгөн видео тасма тараган.

Бул факты боюнча Жалал-Абад облусунун жол тескөөчүлөрү айдоочуну кармап, 15 миң сом айып салуу менен унаасын айып короо жайына токтотушту.

Ошондой эле, унаасында жасалма номер салып жүргөндүгү үчүн 20 миң сом айып салынды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх