Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оштогу стадиондун мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкеси кайтарылды

Иш Ош облусунун административдик сотунда каралып, соттун аныктамасы менен жер тилкеси стадиондун эсебине кайтарылды

Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондун мыйзам бузуу менен берилип кеткен жер тилкеси кайтарылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, министрликтин Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы жер тилкелерди кайтаруу максатында Ош облустук административдик сотуна Ош мэриясынын 2009-жылдын 8-июнундагы №712 сандуу токтомун жараксыз деп табуу жөнүндө административдик доо арыз менен кайрылган.

Белгиленгендей, А.Сүйүнбаев атындагы стадиондун жалпы 5,5 гектар аянтынын ичинен спорт комитетинде 2002-жылдан 2015-жылга чейин бокс боюнча машыктыруучу болуп иштеген Шайлообек Атазовго 84,0 чарчы метр жер тилкеси мыйзам бузуу менен бекитилип берилген.

Иш Ош облусунун административдик сотунда каралып, соттун аныктамасы менен жер тилкеси стадиондун эсебине кайтарылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх