Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Транспорт министрлиги: Ашууларга кар жаап жатат

Жол ачык, каттам бар

Азыркы тапта Бишкек – Ош унаа жолунун 123-138-чакырымдар аралыгындагы Төө-Ашуу жана 209-230-чакырымдар аралыгындагы Ала-Бел ашууларында кар жаап жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө. Жол ачык, каттам бар.

"Ушундай эле жагдай Өтмөк ашуусунда орун алууда. Унаа кыймылына чектөө жок. Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда. Мындан улам, Транспорт министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх