Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто ири көлөмдөгү уулуу затты сатууга аракет кылгандар кармалды

Шектүүлөр Ноокат РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери сымаптын ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Кызматкерлер республиканын түштүгүндө белгисиз жаран сымаптын ири өлчөмүн сатууну көздөп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат алышкан.

Топтолгон материалдардын негизинде Ош ОИИБде КР Кылмыш-жаза кодексинин "Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо максатында ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ноокат районунун аймагында Daewoo Tico маркасындагы автомашина кармалып, анда шектүү адамдар болгон. Унааны Ноокат районунун тургуну, 1985-жылы туулган М.Н. аттуу жаран башкарып жүргөн.

Текшерүү учурунда унаанын ичинен салмагы 6 кг 200 грамм сымап салынган желим идиш табылган. Ошондой эле сымаптын ээси болгон унаанын жүргүнчүсү Ноокат районунун 1983-жылы туулган тургуну К.У. аттуу жаран дагы кармалды.

Шектүүлөр кармалып, Ноокат РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх