Ысык-Көлдөгү мурдагы "Электр-техникалык заводдун" имараты мамлекетке кайтарылды
Заводдун жалпы пайдалуу аянты 4640,07 чарчы метр, ал эми жанаша жайгашкан жер тилкеси 9970,90 чарчы метрди түзөт
Ысык-Көл облусунда мурдагы "Электр-техникалык заводдун" имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында Каракол шаарында жайгашкан, жалпы пайдалуу аянты 4640,07 чарчы метр, ал эми жанаша жайгашкан 9970,90 чарчы метр жер тилкеси менен наркы 252 млн 407 миң сом болгон мурдагы "Электр-техникалык заводдун" имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.