Мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев суракка чакырылды
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев активист Тилекмат Куренов менен жолугушуу максатында Бириккен Араб Эмираттарына барган факты боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аны мындан ары жоопкерчиликке тартуу менен алардын жолугушуусунун себептери такталууда.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз