Жалал-Абадда жер көчтү
Айыл тургундарына, турак жайларга, мал-мүлккө зыяны тийген эмес
Бүгүн, 21-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жол-Сай айылынын Мазар тилкесинде жер көчтү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн министрликтин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен адис жөнөтүлдү.
Маалыматка ылайык, көчкүнүн көлөмү болжол менен 600 куб метрди түзүп, унаа жолго жеткен. Айыл тургундарына, турак жайларга, мал-мүлккө зыяны тийген эмес.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз