Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аялы бычактап койгон Чүй ИИМБ экс-начальнигин жакында ооруканадан чыгарышат

Медиктердин айтымында, Нурлан Сарчаев реабилитациялык дарылоодон өтүп жатат

Чүй облусттук ИИМБ мурдагы начальниги, аялы бычактап салган нурлан Сарчаевди жакында ооруканадан чыгарышат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына саламаттык сактоо Министрлигинин пресс-кызматы билдирди.

- Азыр ал реабилитациялык дарылоодон өтүп жатат, ушул жуманын аягында чыгарышат, - деди мекемедегилер.

Эске салсак, ушул жылдын 17-июлунда Нурлан Сарчаевди жамбаш тушка бычак жеген кейпинде облусттук ооруканага алып келишкен.

Бул кылмышка анын аялы 1983-жылы туулган М.Б. айыптап жатышат. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, аял үйдөгү чырдан улам Сарчаевге бычак менен кол салган.

Бул факт боюнча 104 берененин 1б. менен кылмыш иши козголгон.

М.Б. кармап, ИВСке киргизишкен. Бирок кийнчерээк Свердлов райондук соту Чүй облусунун ИИМБ экс-начальнигинин тосмо арызынан кийин аны үй камагына бошотуп жиберген.

Ошондой эле сот айыпталуучу М.Б. документи так жана Бишкекте туруктуу жашагандыгын эске алды.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх