Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улан Саляновду өлтүрүүгө катышкан үчүнчү киши кармалды. Ал Орусиянын жараны (видео)

Аны экстрадициялоо маселеси каралып жатат

Кыргыз Республикасынын ИИМи Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмышка шектүүлөрдүн бардыгынын кармалгандыгы тууралуу маалымдайт.

2018-жылы баш оона айында Екатеринбург аймагында биргелешкен ыкчам-издөө учурунда 1988-жылы туулган  Заур Насруллаев кармалган эле,  мойнуна алган көрсөтмө берген. Ал Орусиянын жараны. Орусия Федерациясынын компетенттүү органдарына аталган адамды өткөрүп берүү үчүн тиешелүү материалдарды жөнөтүлдү.

Эске салсак, 2017-жылы 27-ноябрда кылмышка шектүү Чүй облусунун тургуну 1986-жылы туулган Э.Осмонкулов кармалган. Мурда бейбаштык, каракчылык жана уурулук боюнча бир канча жолу соттолгон. Кылмыш милициясынын ыкчам кызматкерлери кылмыш куралын тартып алышкан - пистолетти. Бул ок атуучу куралдын ээсин (Э.Осмонкуловду) кийинчерээк кармашты.

2018-жылдын баш оона айында айыптоочу корутунду түзүлгөн жана кылмыш ишинин матералдары Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Улан Саляновду өлтүрүүгө катышкан дагы эки кылмышкер укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн жеринен чет өлкөдөн кармалышты. Шериктеринин кылмыш иши өндүрүштөн өзүнчө бөлүнүп каралат, аларга сыртынан айыптары угузулган.

Издөөдө жүргөндөрдү кармоого жана жүргөн жерлерин аныктоого КР УКМКсы, ИИМ жана Орусия Федерациясынын ФКК чоң жардам кылышты. 2018-жылдын январь айында Россиянын КИМБ ИИМ  кызматкерлери тарабынан биргелешкен ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө издөөдө жүргөн 1983-жылы туулган Асанэмир Абыкулов кармалып, күнөөсүн мойнуна алган.КР ИИМ буйругуна ылайык ИИМ кызматкерлери Москвага жөнөп кеткен.

Азыркы учурда компетенттүү органдар тарабынан аны экстрадициялоо каралып жатат.
 
Эске салсак, 2017-жылы  түнкү саат 01:30 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар конушундагы үйгө бет кап тагыншан үч киши киришкен. Үйдүн мейманкана бөлмөсүндө үйдүн ээси 1975-жылы туулган Улан Саляновду атып өлтүрүп качып кетишкен.  Атылган октон жараат алган Улан Салянов ооруканага бараткан жолдо каза болгон.

Айыпталуучу Асанэмир Абыкулов кармалганда ыкчам видого тартылып алынып КР ИИМ жөнөтүлгөн, ал Москвада кармалган биринчи эле мүнөттөрүндө көрсөтмө берет:


 
 
ИИМдин маалымат кызматы
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх