Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада өзүн ызалагандарды машина менен тебелетип кеткен жигитке Кыргызстандын өкүлдөрүн киргизбей жатышат

Анын себеби - Бекжан Сарбишев Орусия жараны

Москвада жөө адамдардын тобун тебелетип кеткен кыргызстандыкка кыргыз тараптын кишилерин жолотпой жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди.

Анын айтымында, аталган партиянын өкүлдөрү Москвада жоолугушууга уруксат ала алышкан жок. Андан сырткары, аларга кылмыш иши тууралуу маалыматтар да берилбейт, анткени чуулгандуу жол кырсыгын кылган айыпкер Орусиянын жараны.

- Орусиянын укук коргоо органдары бизди ага киргизбей жатышат, биз жалаң гана жабырлануучуларга жардам берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Жабырлануучулардын арасында жөн гана өтүп бараткандар да бар, - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, 9-сентябрда 20 жаштагы бекжан Сарбишев Москвада жөө кишилерди тебелетип кеткен. Белгилүү болгондой жол кырсыгынын күнөөкөрү менен жабырлануучулардын ортосунда кафеде жаңжал чыккан. Сарбишев карындашына болушкан, андан соң жаңжал мушташка айланган, аны 15 адам сабашкан.

Мушташ учурун сырткы байкоонун камерасы тартып калган.

Машина менен сүздүрүүнүн натыйжасында бир киши каза болгон. Бардыгы болуп 9 киши жабыр тарткан, алардын үчөө ооруканада өлүм алдында жатат.

Бул факт боюнча (Адам өлтүрүү) беренеси менен кылмыш иши козголду.

Сарбишев эки айга камакка алынды.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх