Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө бир киши классташынын 78 жаштагы апасын зордуктоого аракет жасаган. Аны өлтүрүп салды

Милиция келгиче ал аялдын баласы таанышын уруп өлтүрүп салган

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 30 жаштагы киши 78 жаштагы аялды зордуктоого аракет жасаган. Жыйынтыгында аялдын баласы аны уруп өлтүргөн. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аймактын ИИБ маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын маалыматы боюнча ал кишилер айылдаш болушкан.

- Алар классташтар болушкан, - деп тактайт Усубакунов. - Кечээ, саат 19:00 чамасында мас кошунасы келип, аялга кол салып, шымын шыпырганга аракет жасаган. Аял кыйкыра баштаганда жардамга уулу келип, тигини көчөгө алып чыгып сабай баштайт.

Милицияга коңшулары чалышкан. Денесине оор жаракат алган киши ооруканага жеткирилип, ошол жерден жан берген.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, КР КК 104 беренеси менен айыпталды.

Апасына болушуп, байкабай өлтүрүп алган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх